Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Президент Сооронбай Жээнбеков Мюнхенде кыргызстандыктар менен жолукту (видео)


Флориан Херман жана Сооронбай Жээнбеков. Мюнхен, Германия. 15-апрель, 2019-жыл.
Флориан Херман жана Сооронбай Жээнбеков. Мюнхен, Германия. 15-апрель, 2019-жыл.

Мюнхен шаарында президент Германияда окуп жана иштеп жүргөн кыргызстандыктар менен жолугуп, бул кездешүү анын сапарынын негизги максаттарынын бири экенин айтты.

- Былтыр «Мекендештер» форумуна катышкан кыргызстандыктар көптөгөн сунуш-пикирлерин айтышкан. Бул форумдун натыйжасында президенттин алдында «Мекендештер кеңеши» түзүлгөн, мен алар менен эми жолугам. Биз сиздердин бул жакта жетишип жаткан ийгиликтерге өтө кубанычтабыз, - деди президент Жээнбеков.

Германиядагы кыргызстандыктар мамлекет башчыга виза, билим берүү, саламаттык сактоо, улуттук маданиятты таратуу, адабият жана башка темалардагы өздөрү кызыккан суроолорду беришти. Алар ошондой эле Кыргызстан менен Германиянын кызматташтыгынын шарттарын жана Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртууну, эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамдарын ачууну сунуш кылышты.

Алардын суроолоруна президент менен бирге эле тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, элчи Эринес Оторбаев жана экономика министри Олег Панкратов жооп беришти.

Мамлекет башчы жолугушууда өлкөнү өнүктүрүү долбоорлору тууралуу айтып берди. Алардын ичинде аймактарды санариптештирүү, транспорт-логистика, айыл чарба жана башка тармактарды өнүктүрүү боюнча алдыга коюлган максаттар менен бөлүштү.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Германиядагы эки күндүк расмий сапары 15-апрелде башталды. Мамлекет башчы бүгүн Мюнхенде Бавариянын мамлекеттик канцеляриясынын башчысы Флориан Херман менен жолугушту.

Ал эми федералдык канцлер Ангела Меркел менен жолугушуу 16-апрелге пландалып жатат. Анда бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG