Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:26

«Рёнхап»: Путин менен Ким Чен Ын жакында жолугушат


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Вьетнамга келген учур. 26-февраль, 2019-жыл.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Вьетнамга келген учур. 26-февраль, 2019-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жолугушуусу кийинки аптанын соңунда болушу мүмкүн. Бул тууралуу түндүк кореялык «Рёнхап» маалымат агенттиги өз булактарына таянуу менен билдирди. Маалыматтарга караганда, Путин менен Ким Чен Ын Владивосток шаарында жолугушат.

Кездешүү маалында Түндүк Кореянын лидери Вашингтонго басым көрсөтүш үчүн Орусиянын президентинин колдоосуна ээ болууга аракет кыла турганы болжолдонууда. Бирок бул маалыматты орус тарап расмий түрдө ырастай элек.

Өткөн аптанын соңунда Ким Чен Ын АКШнын президенти Дональд Трамп менен үчүнчү саммитти өткөрүүгө даяр экенин, болгону Америка тарап өзүнүн мамилесин өзгөртүшү зарыл экенин ишарат кылган.

Эки өлкөнүн лидерлеринин алгачкы жолугушуусу 2018-жылы июнда Сингапурда өткөн. Бул кездешүүдө Түндүк Корея өзөктүк куралдан арылуу жараянын баштоого убада бергени кабарланган. Бирок дүйнөлүк басылмалар Пхеньян өзөктүк куралдарды чыгарууну улантып жатканын билдирип жатышат.

Февраль айында Ханойдо өткөн экинчи жолугушууда АКШ Пхеньянга каршы санкцияларын алып таштоого, Түндүк Корея өзөктүк программаларын толук токтотууга даяр эмес экенин билдиришкен. Бул саммитте бирдиктүү декларацияга кол коюлган эмес. Бирок Трамп Түндүк Кореянын лидери менен жеке мамилеси жакшы экенин, эртеби-кечпи бир пикирге келишерин айтып келет.

XS
SM
MD
LG