Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Париждеги Нотр-Дам чиркөөсү өрттөнүп жатат


Париждин Нотр-Дам чиркөөсү.
Париждин Нотр-Дам чиркөөсү.

Франциянын баш калаасы Париждеги Нотр-Дам чиркөөсү өрттөнүп жатат. Социалдык тармактарга жарыяланган сүрөттөр менен видеолордон белгилүү чиркөөнүн чатырынан жалын алоолоп чыгып жатканын көрүүгө болот.

«Париждин Нотр-Дам чиркөөсүндө коркунучтуу өрт болуп жатат», - деп жазды француз баш калаасынын мэри Анн Идальго.

Нотр-Дам чиркөөсү өрттөнүп жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:39 0:00

Тилсиз жоонун себеби азырынча белгисиз. Бирок айрым расмий өкүлдөр өрткө чиркөөдө жүрүп жаткан оңдоп-түзөө иштери себеп болушу мүмкүн деп жоромолдоп жатышат.

Готика стилиндеги Нотр-Дам чиркөөсүнүн 850 жылдык тарыхы бар.

XS
SM
MD
LG