Орусиянын «Газпром» ишканасы Түркмөнстандан кайрадан газ сатып ала баштаганын кабарлады. Бул өлкөдөн газ алууну орус тарап үч жыл мурда токтоткон.
Азыркы импорттолуп жаткан көгүлтүр отундун баасы жана көлөмү тууралуу так маалымат айтылган жок.
Бир кезде Орусия түркмөн газын сатып алуучулардын катарында биринчи болчу. 2010-жылы бул орунду Кытай ээлеп калган.
Түркмөнстандын экономикасы газ сатуудан абдан көз каранды. (RK)