Милициянын кыйноосуна кабылган жаран мамлекеттен материалдык жана моралдык кенемте талап кылууда. Бул тууралуу арыз бүгүн, 16-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралат.
Жалал-Абад облусунун тургуну Анарбек уулу Эсенбекти 2015-жылы милиция «уурулук кылды» деген шек менен кармап кетип кыйнаганы үч жылдан кийин Жогорку сотто далилденген. «Кыйноо колдонду» деп айыпталган үч милиционерге карата өкүм күчүндө калган.
Бул тууралуу «Азаттыкка» адвокат Сардор Абдухалилов билдирди:
- Арыздын негизинде моралдык зыян 10 миллион сомго, материалдык зыян 91 миң 799 сомго өлчөнгөн. Жарандык ишти Биринчи май райондук сотунун судьясы Зарема Бейшеева карап жатат.
Кыргызстанда кыйноо боюнча арыздардын 90% милиция кызматкерлерине каршы жазылат.
Ички иштер министрлиги бул багытта кызматкерлер менен такай иш жүргүзүлүп турарын, кыянат мамиле кылгандар кызматтан четтетилерин белгилеп жүрөт. (RK)