Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Укугу бузулган журналисттер боюнча мониторинг жүргүзүлөт


Басма сөз жыйынындагы журналисттер.
Басма сөз жыйынындагы журналисттер.

Кыргызстандык журналисттердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын укуктарынын сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүлө баштады.

Долбоорду «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен «Журналисттер» жана «Медиа полиси институту» уюмдары ишке ашырып жатышат.

Бүгүн 16-апрелде Бишкекте долбоордун максаттары тууралуу кеңири маалымат берилет.

15-апрелде ар бир аймакта байкоо жүргүзө турган атайын өкүлдөр менен алгачкы жыйын өткөрүлдү.

«Эми кабарчылардын укугу бузулган бир да учур көз жаздымда калтырылбайт» деп билдиришти уюштуруучулар.

Кыргызстанда радио, теле жана гезиттердин саны 200дөн ашат. (RK)

XS
SM
MD
LG