15-апрелде саат 14:00 чамасында Майлуу-Суу шаарынын Садовое көчөсүндө чакан үй толугу менен өрттөнүп кеткен. Баштапкы маалыматка караганда, өрттүн кесепетинен 70 жаштагы тургун каза болду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги учурда өрттүн себеби такталып жатканын билдирди.
Ошол эле күнү Таласта чоң сарай өрттөнүп, андагы 250 таңгак чөп күйүп кеткен. Өрттүн себеби такталууда. (ZKo)