Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Паспорт ишине байланыштуу бир катар жетекчилер камакка алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бир катар маалымат каражаттары «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев, Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Данияр Бакчиев, аталган мекеменин төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев камакка алынганын жазып чыгышты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мамкаттоонун бир катар жетекчилери козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, атайын кызматтын тергөө абагына камалганын билдирди, бирок алардын аты-жөнүн ачыкка чыгарган жок.

Руслан Сарыбаев биометрикалык паспорт үчүн бланк даярдоого жарыяланган тендерди жетектеп турган.

Мамкаттоонун басма сөз катчысы бул маалыматка комментарий берүүдөн баш тартып, бардык суроолор УКМКга гана берилүүгө тийиш экенин айтты.

УКМК буга чейин биометрикалык паспортко бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде Мамкаттоонун кызматкерлери өз пайдасы үчүн мыйзам бузуп, өздөрүнө тыгыз байланышы бар компаниянын кызыкчылыгы үчүн иштешкенин билдирген.

Мамкаттоо 2018-жылы электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Бул тендерге беш компания катышып, литвалык «Гарсу Пасаулис» жеңүүчү болуп табылган.

Бирок германиялык «Muhlbauer ID Services» «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган болчу. (ZKo)

XS
SM
MD
LG