Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:34

«Ата Мекен» партиясына 23-апрелде митинг өткөрүүгө уруксат берилди


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду коргоо акциясы. 8-июнь, 2017-жыл.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду коргоо акциясы. 8-июнь, 2017-жыл.

«Ата Мекен» партиясына 23-апрелде митинг өткөрүүгө уруксат берилди. Бул маалыматты парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов ырастады:

- Биринчи май райондук администрациясы уруксат берди. 23-апрелге белгиленген тынч митинг Жогорку соттун имаратынын алдында өтөт.

23-апрелде митингге учурда абакта отурган саясатчылар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун тарапкерлери чогуу чыгышары мурда кабарланган. Алар бул үчүн «Ата Мекен» жана «Мекенчил» партиялары бир штабга бириккенин маалымдашкан.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана «Мекенчил» партиясынын лидери Садыр Жапаровдун иши Жогорку сотто бир күндө, 23-апрелде каралат.

XS
SM
MD
LG