Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:43

Ош: Жашы жете элек кызды ала качуу фактысы текшерилүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

15-апрель күнү Алай райондук милициясына 52 жаштагы аял арыз менен кайрылып, жашы жете элек, 16 жаштагы кызын Кара-Суу районунун 1998-жылы туулган тургуну ала качып кеткенин билдирген. Ал ала качкан тарапты тиешелүү жазага тартууну ѳтүнгѳн. Ала качуу Ош шаарында болгондуктан, арыз ошол эле күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгына ѳткѳрүлүп берилген.

Ош ШИИБнин басма сөз кызматы маалымдагандай, тергѳѳдө кыз «ала качкан жигит менен мурдатан тааныш экендигин, ала качкан учурда ѳз эрки менен жигиттин үйүнѳ киргендигин, эч ким күч колдонбогонун, эрки менен келин болуп келгендигин» айтып, айткандарын ѳз колу менен тилкат аркылуу тастыктап берген. Учурда тараптардын кѳрсѳтмѳлѳрүнүн чын-тѳгүнү текшерилүүдѳ.

Учурда бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 177-беренесинин («Никеге турууга мажбурлоо») негизинде катталып, кыздын денесиндеги жарааттары бар-жогун аныктоо жана алынган кийимдери боюнча соттук-биологиялык экспертизалар дайындалды. Ошондой эле бул факты боюнча окуянын жагдайларын толук, ар тараптуу изилдѳѳгѳ багытталган ыкчам тергѳѳ аракеттери жүргүзүлүп жатат.

Тергѳѳнүн жүрүшүндѳ аныкталган жаңы жагдайлар боюнча кошумча маалымат берилет. (MdN)

XS
SM
MD
LG