Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:31

Пулитцер сыйлыгы 12 басылманын журналисттерине ыйгарылды


Сыйлыкка татыган «Sun-Sentinel» басылмасынын журналисттери. Флорида, 15-апрель, 2019-жыл.
Сыйлыкка татыган «Sun-Sentinel» басылмасынын журналисттери. Флорида, 15-апрель, 2019-жыл.

Журналистика тармагындагы эң абройлуу сыйлыктардын бири болгон Пулитцер сыйлыгынын быйылкы лауреаттары аныкталды. Бул ирет ага 12 басылманын журналисттери татыды. «The New York Times» басылмасынын журналисттери АКШнын президенти Доналд Трамп жана анын үй-бүлө мүчөлөрү салык төлөөдөн качканы тууралуу кеңири иликтөөсү үчүн ушул сыйлыкты алышса, «Los Angeles Times» гезитинин үч кабарчысы жүздөгөн студент кыздарга ыдык көрсөткөн деп шек саналып жаткан Түштүк Калифорния университетинин гинекологунун окуясы жөнүндө жасаган иликтөөсү үчүн сыйланды.

Эл аралык журналистика номинациясында «Associated Press» бир жыл бою Йемендеги согуштун азап-тозоктору тууралуу кабарлап турганы үчүн жеңүүчү аталды. Ушундай эле сыйлык «Reuters» агенттигинин журналисттерине Мьянмадагы рохинжа мусулмандарынын айланасындагы окуяларды иликтегени үчүн ыйгарылды. Алар бул үчүн учурда Мьянамада абакта отурушат.

Журналистиканын 14 тармагынан тышкары, Пулитцер сыйлыгы жети номинация боюнча адабият, драматургия жана музыка тармактарына эмгеги сиңген инсандарга да тапшырылды. Ар бир номинацияга 15 миң доллар акчалай сыйлык каралган. Ал 28-майда салтанаттуу аземде тапшырылат. Пулитцер сыйлыгы биринчи жолу 1917-жылы ыйгарылган.

XS
SM
MD
LG