Президент Сооронбай Жээнбеков 15-апрелде Германиянын Мюнхен шаарынын чет-жакасында жайгашкан «Pellmeyer» айыл чарба ишканасында болду. Ишкананын менежери Томас Пеллмейер уйдун кыгынан биогаз өндүрүү боюнча иштин принциптерин көрсөтүп берди.
Анын айтымында, учурда фермада 200дөй уй багылып, алар сүттөн тышкары биогаз өндүрүү үчүн чийкизат менен камсыз кылышат. Биринчи биогаз жабдыктары 1996-жылы курулган. Ошондон бери ишкана энергиянын жаңыланма булактарын колдонууну кеңейтүү жана биогаз өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча Баварияда жана Германияда флагман болуп эсептелет.
Мамлекет башчысы ишкананы кызыгуу менен көрүп чыгып, Кыргызстанда энергиянын жаңыланма булактарын колдонуу мүмкүнчүлүгү толук ачылбай жатканын белгиледи. Бул жагынан алганда, ал бавариялык фермердин тажрыйбасын кыргыз экономикасына жакын деп баалап, бул алдыңкы тажрыйбаны үйрөнүүгө Кыргызстандын агрардык секторунун толук мүмкүнчүлүгү бар экенине ишенээрин билдирди.
Президент Сооронбай Жээнбеков фермадагы эмгектин уюштурулушуна терең канааттануу билдирип, менежерге кыргыз аргымактары түшүрүлгөн сүрөттү эстеликке белек кылды.
Президент Сооронбай Жээнбеков Германияга эки күндүк расмий сапар менен барды. Ал 16-апрелде Берлинде федералдык президент Франк-Вальтер Штайнмайер, андан кийин федералдык канцлер Ангела Меркел менен жолугат.
Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, сапардын алкагында дипломатиялык алака, экономика жана өнөр жай, билим берүү, туризмди өнүктүрүү жана соода-экономикалык карым-катнаш, каржы тармактарында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлууда. (ZKo)