Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:12

Президент Жээнбеков Германиянын федералдык президенти менен жолукту (видео)


Президент Сооронбай Жээнбеков Германияда. 16-апрель, 2019-жыл.
Президент Сооронбай Жээнбеков Германияда. 16-апрель, 2019-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолукту. Жолугушуу 16-апрелде, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Германиядагы расмий сапарынын алкагында болуп өттү.

Биргелешкен сүрөткө түшүүдөн соң Кыргызстандын президенти Ардактуу коноктордун китебине Германия элине эң жакшы каалоо-тилектерин жазып калтырды. Расмий делегациялардын мүчөлөрүн тааныштыруудан кийин президенттер аскердик салтанатты көрүштү. Ал учурда эки өлкөнүн гимндери жаңырды. Андан кийин алар Бундесвердин ардактуу кароолун кыдырып чыгышты. Салтанаттуу азем аяктаган соң президенттер сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн бет алышты.

Эми президент Жээнбеков Германиянын канцлери Ангела Меркел менен жолугушат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Германиядагы расмий сапарынын алкагында немис-кыргыз бизнес форуму болуп өттү. Анда эки тараптуу кызматташтык багытында 11 түрдүү келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG