Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:52

Алматыда «Дарак ыры» тасмасынын бет ачары болду


Айбек Дайырбеков. Сүрөт режиссердун өзүнөн алынды.
Айбек Дайырбеков. Сүрөт режиссердун өзүнөн алынды.

18-апрелден тартып кыргызстандык режиссер Айбек Дайырбековдун «Дарак ыры» тасмасы Казакстандын бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу «Азаттыкка» режиссер өзү кабарлады.

Анын айтымында, 15-апрелде Алматы шаарында «Дарак ыры» мюзиклинин бет ачары өтүп, көрүүчүлөр тасманы абдан жакшы кабыл алышты.

- Жабык көрсөтүүгө Казакстандын белгилүү киноактерлору, таанымал адамдары катышып, тасмага жогорку баа берип жатканы бизди кубандырды. Казакстанда эмгектенген кыргыз ишмерлери, операторлор да келип, кыргыз тасмасы чет өлкөдө намысты коргоп жатканына ыраазы болушту, - деди режиссер.

«Дарак ыры» мюзиклинин бет ачары Бишкекте 2018-жылы өткөн. Учурда ал жети эл аралык кинофестивалга катышууда. Чыгарма АКШда, Орусияда, Иранда көрсөтүлгөнү жатат.

Быйыл 25-апрелден тартып тасма кайрадан кыргызстандыктардын назарына тартууланат.

Дайырбеков жакында Кыргызстандын Кинематографисттер бирикмесинин жаңы төрагасы болуп шайланган. (SDz)

XS
SM
MD
LG