Ооган бийлиги ушул жумада Катарда талибдердин расмий өкүлдөрү менен жолугушууга 250 адамдан турган делегациясын жөнөтөрүн билдирди.
19-21-апрелге пландалып жаткан бул жолугушуу 18 жылдан берки тирешти токтотуу жолундагы маанилүү кадам катары бааланууда.
Сүйлөшүүгө катыша тургандардын арасында өкмөт өкүлдөрү, оппозициядагы саясатчылар, уруу башчылары жана диний лидерлер, аялдар, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү болот.
Акыркы жолу ооган бийлигинин талибдер менен кеңири жолугушуусу 2015-жылы өтүп, ал майнапсыз аяктаган болчу. (RK)