Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:51

Митингдин катышуучусунун бөгөт чарасы каралат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 17-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда быйыл январда борбордук Ала-Тоо аянтында өткөн митингге катышкан Гүлжамила Сапаралиеванын бөгөт чарасы каралат.

Ал митингде касташууга чакырык жасаган деген айып менен эки айга камакка алынган.

7-январда жана 17-январда Бишкектин борбордук аянтында активисттер Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык жарандарды өлкөдөн кетирүүнү талап кылган митинг өткөрүшкөн. Алардын дагы бири Амангелди Артыковду жакында милиция «үйүнөн баңгизат табылды» деген негиз менен эки айга камаган.

Жагдай боюнча «Кырк уруу кыргыз – жети дубандын ынтымагы» кыймылынын өкүлдөрү Акыйкатчыдан жардам сурап арыз менен кайрылышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG