Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:41

Сыдыков: Кыргызстан-Германия мамилеси жогорку деңгээлде


Сооронбай Жээнбеков жана Ангела Меркел.
Сооронбай Жээнбеков жана Ангела Меркел.

Кыргызстан Бишкекте Германия экономикасынын өкүлчүлүгүн ачууну жана ортодогу Соода-инвестиция боюнча иш тобунун даражасын жогорулатып, аны өкмөт аралык комиссияга айландырууну сунуш кылды.

Бул тууралуу «Азаттыкка» президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун Германиядагы расмий сапарынын жыйынтыгы тууралуу айтып жатып ал «эки өлкө ортосундагы мамиле жогорку деңгээлде» экенин белгиледи.

«10дой өкмөт аралык жана мекеме аралык документке кол коюлду. Мындан тышкары ишкерлер ортосунда 1 миллиард евродон ашуун суммага макулдашуулар кабыл алынды», - деди Сыдыков.

Кыргызстан немис өкмөтү менен кызматташууда соода-экономика, гидроэнергетика, жашыл экономика, өнөр жай, айыл чарба, туризм жана билим берүү тармактарын артыкчылыктуу багыттар деп эсептейт.

Сыдыковдун айтымында, бул жолку сапар учурунда Кыргызстанда Германиянын колдоосу менен кооператив кыймылын өнүктүрүү, фитосанитардык жана ветеринардык лаборатория, логистикалык борбор ачып, адистерди даярдоо тууралуу макулдашуулар кабыл алынды.

Мындан тышкары, перинаталдык кызматты жакшыртууга 21 миллион евро, өлкөгө техникалык жана каржылык жардам көрсөтүүгө 40 миллион евро бөлүү, жашыл технологияларды өнүктүрүү фондун ачуу тууралуу пландар бар.

2020-жылы Бишкекте Германия экономикасынын күндөрү өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG