Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

Кызыл чырым коому Кыргызстандагы абактарды оңдоого жардам берүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул маалымат 16-апрелде Эл аралык кызыл чырым коомунун Кыргызстандагы миссия жетекчиси Сангита Кенинг менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысы Мелис Турганбаевдин жолугушуусунда айтылды.

Анда тараптар жаза өтөө жайларындагы жүргүзүлүп жаткан курулуш жана оңдоп-түзөө иштери жөнүндө пикир алышты.

Кызыл чырым коомунун маалыматы боюнча, уюм 2019-жылы өлкөдөгү беш абакта оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө.

№8 түзөтүү абагында септик курулуп бүттү. №16 абакта санитардык бөлүмдүн чатыры жаңыланып жабылды. Аталган жайда экстремизмге, терроризмге айыпталып камалгандар үчүн атайын жолугушуу бөлмөсү курулмакчы.

Ал эми аялдардын түрмөсүндө санитардык корпустун имаратына 20 орундуу палата менен эки процедуралык бөлмө тургузулат.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын түрмөлөрүндө 15 миңдей киши камалып турат. Алардын 500гө жакыны аялдар, элүүдөн ашууну өспүрүмдөр. (ZKo)

XS
SM
MD
LG