Денесине бычак жеп, Чүй районундагы аймак аралык ооруканага түшкөн киши милицияга окуя тууралуу маалымат берүүдөн баш тартууда. Бул жөнүндө Чүй облустук милициясы маалымдады.
Маалыматта айтылгандай, ал ооруканага 14-апрелде, таңга жуук түшкөн. Иликтөө иштеринин натыйжасында, ал өзүнүн таанышы менен эс алып отуруп урушуп кеткени, анын жыйынтыгында таанышы бычак шилтеп жибергени аныкталган. Бул ишке шектүү адам кармалып, Токмок шаардык милициясынын убактылуу камоочу жайына камалган. 17-апрель күнү шектүүнүн тергөө учурундагы бөгөт чарасы сотто каралат.
Чүй облустук ИИБнин басма сөз кызматы маалымдагандай, соцтармактарда бул иш боюнча милиция тиешелүү түрдө иштебей жатканы жөнүндө маалыматтар чындыкка дал келбейт. «Жабырлануучунун жакындары «видео камералардагы тартылган тасмалар жок кылынган» дегени туура эмес. Бардык видеокамералардан тасмалар жана өзөк дисктери алынган, алар аркылуу текшерүү жүрүп жатат» деп айтылат маалыматта. (ZKo)