Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Парламент башкы прокурордун отчётун жактырды


Өткүрбек Жамшитов.
Өткүрбек Жамшитов.

Жогорку Кеңеш башкы прокурордун 2018-жыл үчүн отчётун бир добуштан жактырды. Жыйында 109 депутат «макул» деп добуш берди.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бүгүн, 17-апрелде прокуратура органдарынын өткөн жылы аткарган иши боюнча отчёт берди.

Анын маалыматына караганда, былтыр жалпысынан мыйзам бузулган 39 миңге жакын факт катталган, коррупция үчүн 962 кылмыш иши козголгон.

Өткүрбек Жамшитов Кыргызстандын башкы прокурору болуп былтыр 26-апрелде дайындалган. (BTo)

XS
SM
MD
LG