Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:04

Жарандык активисттер президентке кайрылышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жарандык активисттер Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилеринин камалганына байланыштуу президентке кайрылышты.

Бир катар укук коргоочулар баштаган жарандык активисттер мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдон бул ишке байланыштуу Коопсуздук кеңешинин кезексиз жыйынын чакырууну сунуш кылышты. Кайрылууда Кыргызстанда өлкөнү санариптештирүү ийгиликтүү ишке ашып, электрондук шайлоо, сатып алуу, ачык бюджет, коопсуз шаар жана жарандарды биометрикалык каттоо мезгилдин талабына ылайык иштеп жатканы айтылат. Жарандык активисттер өз кайрылуусунда «буга мамлекеттик жогорку кызматтарда технология боюнча мыкты адистер иштеп жатканы өбөлгө болуп жатат, санариптештирүү мамлекеттик органдардын ачык-айкын иштешине шарт түзөт жана коррупциянын алдын алууга жол ачат» деп белгилешкен.

«Биз Мамкаттоо менен «Инфоком» ишканаларынын жетекчилеринин камакка алынышына өтө таң калдык. Санариптештирүү жараянын түшүнгөн бардык жарандар Мамкаттоо менен «Инфокомдун» жетекчилеринин адистигин баалашат, алар өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн иштейт деп ишенишет. Аларга карата адилетсиз куугунтук жарандардын үмүтүн өчүрөт» деп жазылган кайрылууда.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев, статс-катчы Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаев биометрикалык паспорт бланкын даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзамсыз иштерге барышкан деген шек менен кармалганы 16-апрелде маалым болгон.

УКМК Мамкаттоонун кызматкерлери белгилүү бир компаниянын кызыкчылыгына аракет кылышкан деп эсептейт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG