Расмий Киев Украинада саясатчыларга кол салуу сыяктуу «террорчул» аракеттерди ишке ашырууну көздөгөн, Орусиянын атайын кызматы жөнөткөн жети кишини кармаганын билдирди.
Украинанын Коопсуздук кызматынын башчысы Василий Грицак мындай билдирүүсүн 17-апрелде президенттик шайлоонун экинчи туруна төрт күн калганда жасады.
Ал Киевдеги басма сөз жыйынында бул топко көмөктөшкөн бир киши колго түшүрүлгөнүн айтканы менен ал шектүү жогорудагы жети кишинин бири экенин же өзүнчө кармалганын тактаган жок.
Ошондой эле Украинанын башкы чекисти 2017-жылдан бери Орусиянын атайын кызматы «өз алдынча иш алып барган» топторду украин аймагына жөнөтүп турганын, мындай топтор эки жыл мурда Максим Шаповал аттуу украиналык чалгын кызматкеринин өмүрүн алган автоунаанын жардырылышына жооптуу экенин кошумчалады.
Украин бийлигинин мындай билдирүүсүнө Кремль же Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы жооп кайтара элек.