Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:25

Украинада террор боюнча шектүүлөрдөн кыргыз паспорту чыкканы кабарланууда


Грицак кармалгандардын экөөнүн жанынан Кыргызстандын паспорттору табылганын билдирүүдө. Сүрөт Украинанын коопсуздук кызматынын расмий сайтынан алынды.
Грицак кармалгандардын экөөнүн жанынан Кыргызстандын паспорттору табылганын билдирүүдө. Сүрөт Украинанын коопсуздук кызматынын расмий сайтынан алынды.

Украинада террордук чабуул уюштурууга шектелип кармалгандардын экөөнүн жанынан Кыргызстандын паспорттору чыкты. Бул тууралуу Украинанын Коопсуздук кызматынын башчысы Василий Грицак билдирди.

«Комаричев жана Дзортов - Орусиянын жарандары. Бирок Украинанын аймагындагы террордук аракеттерин жашырыш үчүн алар башка эгемен өлкөнүн паспорту менен жүрүшкөн. Алардын жанында Ломако жана Кирик деген фамилиялар жазылган Кыргызстандын паспорттору болгон», - деди генерал Грицак.

Украинанын атайын кызматы өлкө аймагында террордук чабуул уюштурмакчы болгон жети кишини кармаганын 17-апрелде билдирди. Мекеме аларды Орусиянын атайын кызматы жалдап, каржылаганын белгилеп жатат.

Грицак жетөөнүн бири Комаричев Алексей аттуу 1978-жылкы Орусиянын жараны экенин тактады. Ал 4-апрелде Киевде чалгын офицеринин машинесинин жанында бомбага жарылып, жарадар абалында колго түшүрүлгөн. Атайын кызматтын генералы Комаричев ал бомбаны өзү орнотуп жатканын белгиледи. Ооруканада жаткан жеринен аны суракка алган видео көрсөтүлдү.

Андан тышкары кармалган жетөөнүн бири Ингушетиянын 30 жаштагы жараны Тимур Дзортов экени айтылды.

«Дзортов Орусия Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери, 2015-2017-жылдары Ингушетия Республикасынын башчысы Юнус-Бек Евкуровдун администрация жетекчисинин орун басары болуп иштеген», деп ырастоодо Грицак.

Азырынча орус бийлиги бул билдирүүгө расмий жооп бере элек.

«Азаттык» Кыргызстандагы расмий органдардан паспортко байланышкан маселенин чоо-жайын тактап жатат.

XS
SM
MD
LG