Бишкектин Биринчи май райондук соту ушу тапта Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаевдин, статс-катчы Данияр Бакчиевдин жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаевдин бөгөт чарасын карап жатат.
Сот жараяны жабык өтүүдө. «Азаттыктын» кабарчысы маалымдагандай, кармалгандардын 20-30 тарапкери сот залынын кире беришинде күтүп отурат.
Алар биометрикалык паспорт бланкын даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде мыйзамсыз иштерге барышкан деген шек менен кармалганы 16-апрелде маалым болгон.
УКМК Мамкаттоонун кызматкерлери белгилүү бир компаниянын кызыкчылыгына аракет кылышкан деп эсептейт. (TSh)