Москванын соту Керч кысыгындагы жаңжал маалында кармалган украиналык деңиз аскерлеринин бир бөлүгүн камакта калтырды. Лефортово райондук соту 17-апрелде прокурорлордун украин аскерлерин тергөө абагында кармоо тууралуу өтүнүчүн канааттандырды. Натыйжада 12 деңиз аскери 24-июлга чейин камакта кала бермей болду.
2018-жылдын 25-ноябрында Керч кысыгында Орусия менен Украинанын деңиз күчтөрүнүн ортосунда жаңжал чыгып, орус тарап Азов деңизине өтүп бараткан үч украин кемесин жана 24 деңиз аскерин камакка алган.
Март айында Бириккен Улуттар Уюму бул украиналыктарды «аскер туткундары» деп тааныган. Евробиримдик Керч жаңжалына аралашкан орусиялык сегиз аскер кызматкерине санкция салган.
Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы «украиндер убактылуу жабык аймакка кирип, Орусиянын чек арасын бузушкан» деп билдирип келет.