Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

Могерини: Украина мурдагысына караганда бекемирээк өлкө болду


Европа Биримдигинин тышкы иштер боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини.
Европа Биримдигинин тышкы иштер боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини.

Соңку беш жылда Украина мурдагысына караганда бекемирээк мамлекетке айланды. Мындай пикирин Страсбургда сүйлөп жатып Европа Биримдигинин тышкы иштер боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини билдирди.

- Украина өзгөргөнү көрүнүп турат. Мен ал бүгүн беш жыл мурдагыга караганда кыйла бекем жана туруктуу өлкө болуп калганына ишенем, - деди ал.

Могерини Киев эл аралык саясаттын көңүл борборунда кала бериши зарыл экенин белгилеп, Евробиримдик Украина менен коопсуздук, киберкоркунучтарга каршы туруу, адам потенциалын өнүктүрүү, коррупцияга каршы күрөшүү, жаңы жумуш орундарын түзүү багыттарында жигердүү кызматташып жатканын кошумчалады.

Украин бийлиги 2014-жылы Орусия анын Крым жарым аралын аннексиялап алган деп эсептейт. Орус бийлиги бул айыптоолорду четке кагып келет.

Ошол жылы өлкөнүн чыгышында башталган өкмөттүк аскерлер менен жикчилердин ортосундагы куралдуу кагылыштардан, Бириккен Улуттар Уюмунун соңку маалыматына караганда, 40-43 миң адам каза болду. (RK)

XS
SM
MD
LG