Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Август, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:41

Кыргызстанда адал эт паркы ачылат

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда адал эт паркын ачуу пландалууда. Бул тууралуу Экономика министрлиги кабарлады.

Кыргыз өкмөтү Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүү боюнча ислам корпорациясы менен үч тараптуу келишимге кол койду. Ага ылайык, адал эт паркын ачуу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгат.

Бул үчүн донор тарап 380 миң доллар грант бөлүп берет. Ал эми кыргыз тараптын салымы 50 миң доллар болот.

Долбоор ишке ашса Кыргызстанда алгачкы адал эт паркы ачылат. Малды багуу, ветеринардык тейлөө, этти сактоо, иштеп чыгуу жана бөлүштүрүү иштери бир системанын ичинде жүргүзүлөт.

Кыргызстандын калкынын 90 пайызга жакыны мусулмандар. (RK)

XS
SM
MD
LG