Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:37

Жайыл райондук ИИБнин жетекчисинин орун басары пара менен кармалды (видео)

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам иштөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары 15-апрелде 40 миң сом пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, ал Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштө оң чечим чыгарууга убада берип, Жайыл райондук ИИБ Жол коопсуздук бөлүмүнүн инспекторунан 5000 доллар талап кылган. Бул сумманын 40 миң сомун алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Милициянын подполковнигинин иши Жазык кодексинин 326-беренесинин («Опузалап пара алуу») негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде катталды.

Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда атайын кызматтын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан тиешелүү ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG