Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:52

Партиялардын шайлоо күрөөсүн бир млн. сомго түшүрүү сунушталды


Добуш берип жаткан Кыргызстандын жараны.
Добуш берип жаткан Кыргызстандын жараны.

Кыргызстанда саясий партиялардын шайлоо күрөөсүн беш миллион сомдон бир миллион сомго түшүрүш үчүн кол топтоло баштады. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде «Жаратман эл» партиясынын өкүлдөрү басма сөз жыйын учурунда кабарлашты.

- Шайлоо күрөөсүн төмөндөтүү саясий жана коомдук капитал топтоп, парламенттик шайлоого катыша турган партияларга бирдей мүмкүнчүлүк түзөт. Бул элдин талабы. Эл жаңы адамдарды күтүп жатат. Тогуз жылдан бери биз жаңы Баш мыйзам менен жашап жатабыз, бирок эч бир реформа жүргүзүлгөн жок. Атаандаштык жарата ала турган жаңы партиялар жана идеялар керек, - деди партиянын төрагасы Расул Түлеев.

Мыйзамга ылайык мыйзам долбоору боюнча демилге көтөрүш үчүн 10 миң жарандын колу топтолушу керек. (KR)

XS
SM
MD
LG