Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:57

Абдрахманов: Атамбаев КСДПнын мүлкүн, мөөрүн бериши керек


Сагынбек Абдрахманов.
Сагынбек Абдрахманов.

«Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов Алмазбек Атамбаевди Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) лидери катары саясий иш жүргүзүүнү токтотууга чакырды.

Ал 18-апрелде басма сөз жыйынында 5-апрелден тартып партиянын жетекчиси алмашканын жана ал юридикалык жактарды каттоо боюнча мамлекеттик реестрде катталганын билдирди:

«Атамбаевден КСДПнын бардык мүлкүн, партиянын мөөрүн жана штамптарды берүүнү талап кылам. Андан тышкары партиянын банктардагы каражатын, уставын бериш керек».

Абдрахманов бул талаптар аткарылбаса КСДП Атамбаевди жоопко тартуу тууралуу өтүнүч менен күч түзүмдөрүнө кайрылууга аргасыз болорун айтты.

Анын маалыматына караганда, бул кат почта аркылуу Алмазбек Атамбаевге жөнөтүлгөн. Ошондой эле Абдрахманов партиянын банктагы эсептерин ага өткөрүп берүү боюнча Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго да кат жазган.

Юстиция министрлиги Сагынбек Абдрахмановду КСДПнын лидери катары каттап, партиянын жайгашкан жерин (юридикалык дареги) Эркиндик 45 деп өзгөрттү.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина муну бийликтин басымы менен кабыл алынган чечим деп баалады. (BTo)

XS
SM
MD
LG