Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:29

Жанарбек Акаев: «Азаттыктын» иликтөөсүнө бийлик реакция кылыш керек (видео)


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев президенттик аппаратты, күч түзүмдөрүн жана өкмөт башчыны «Азаттык» радиосунун Ош облусундагы кабарчысы Ыдырыс Исаковдун салыктан качкан ишкерлер боюнча жүргүзгөн иликтөөсүнө көңүл бурууга чакырды. Ал парламенттин 18-апрелдеги жыйынында бийлик муну көзөмөлгө алышы керек экенин айтты:

«Мыйзам иштеген өлкөдө чоң журналисттик иликтөөлөргө өкмөт реакция кылышы керек. Жалил Атамбаев ишкерлердин, адамдардын акчасын бербей сыздатып жатканын журналист шурудай кылып тизмектеп берди. Эми коррупцияга каршы күрөш реалдуу жүрүп жатабы же жокпу, көрөбүз. Ош шаарынан мага эртеден бери жок эле дегенде отуздай киши чалды. «Ушуну парламентте көтөрөсүңөрбү? Реакция болобу же баягы бойдон эле калабызбы?» деп».

Ыдырыс Исаковдун «​Ош: салыктан буйтаган «ишкерлер» деген иликтөөсү 17-апрелде чыкты. Анда Кыргызстанда көмүскө экономиканын кесепетинен казынага жыл сайын 40 миллиард сом салык түшпөй жатканы тууралуу сөз болот.

Анын мисалында Ошто ишкер Жалил Атамбаевге таандык деп айтылган бир нече компания бюджетке бир тыйын да салык төлөбөй келатканы айтылат. Ошондой эле Атамбаев менен бирге иштеген ишкерлер андан акчасын ала албай, күйүп кетишкенин билдирип, арызданышкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG