Португалиянын Мадейра аралында туристтер бараткан автобус кырсыкка кабылып, 30дай кишинин өмүрү кыйылды. 27 адам жабыркаганы кабарланууда. Португалиянын президенти Марселу Ребелу де Соуздун айтымында, курман болгондордун баары Германиянын жарандары. Кырсык шаршемби күнү кечинде болгон. Элүүдөй туристти алып бараткан автобус жолдон чыгып кетип, турак жайдын үстүнө кулап түшкөн. Каза болгондордун дээрлик бардыгы 40-50 жаштагылар экени маалымдалды.
Трагедияга байланыштуу аралдын бийлиги үч күндүк аза күтүү жарыялады.
Полициянын божомолуна ылайык, айдоочу жолдун бурулушунан автобусту башкара албай калган. Ошондой эле тормоз иштебей калган болушу мүмкүн деген версия каралып жатат.