Кыргызстандагы белгилүү IT ишкер, Кыргызстандын Програмисттер ассоциациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Азис Абакиров президент Сооронбай Жээнбековго ачык кат жазып, ал Санариптештируү боюнча президенттин алдындагы кеңештен өз ыктыяры менен чыкканын жарыялады.
Ал өз катында Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мекемесинин жетекчиси Талант Абдуллаевдин камалышына байланыштуу нааразылыгын билдирген.
«Талант Абдуллаев - маалымат технологиялар жаатындагы кесипкөй адис. Биометриканы киргизүү, электрондук шайлоо, электрондук сатып алуу системасы, ачык бюджет, «Коопсуз шаар» жана башкалар ошонун көзөмөлүндө ишке киргизилген. Алардын баары бүгүн да толугу менен иштеп жатат. Мамлекетте IT жаатында ишке ашырылган долбоорлордун дээрлик бардыгына Абдуллаевдин жана анын командасынын колу тийген», деп жазылган кайрылууда.
Тендер чырына байланыштуу кармалган Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев, статс-катчы Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаев 17-апрелде эки айга тергөө абагына камалды. (KR)