Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Түндүк Корея жаңы куралын сынаганын жарыялады


Түндүк Кореянын Сохэ полигону.
Түндүк Кореянын Сохэ полигону.

Түндүк Кореянын маалымат каражаттары армия «күчтүү дүрмөттүү тактикалык башкаруудагы куралын» сынаганын кабарлады. Өлкөнүн расмий жаңылыктар агенттиги маалымдагандай, сыноо мамлекет башчысы Ким Чен Ындын жетекчилиги менен болгон.

Кабарларда сыноонун майда-бараты тууралуу эч нерсе айтылган жок. Батыш талдоочулары сөз деңизде, жерде жана асманда колдонулуучу тактикалык курал тууралуу болуп жатышы мүмкүн деп божомолдошот. Пентагондун маалыматы боюнча ал Түндүк Кореядан ракета учурулганын аныктаган эмес.

Америкалык маалымат каражаттарына пикирин билдирген адистер бул сыноо менен Пхеньян Вашингтонго Түндүк Корея боюнча көз карашын жумшартууга белги берип жатышы мүмкүн деп эсептешет.

Февралдын акырында Ханойдо Ким Чен Ын менен болгон экинчи жолугушууда АКШнын президенти Дональд Трамп Пхеньян өзөктүк куралдан баш тартууга барбай турганы түшүнүктүү болгондон кийин саммитти дароо токтотуп, биргелешкен билдирүү жасоодон баш тарткан.

Жаңы сыноо Вашингтондун Түндүк Кореянын өзөктүк куралы боюнча сүйлөшүүнү жандантуу аракеттери болуп жаткан учурда өттү.

XS
SM
MD
LG