Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:09

«Чек арасыз кабарчылар»: Журналисттерди жек көрүү зомбулукка алып келүүдө


180 мамлекеттин ичинен эң акыркы орундарды Түркмөнстан, Эритрея жана Түндүк Корея ээледи.
180 мамлекеттин ичинен эң акыркы орундарды Түркмөнстан, Эритрея жана Түндүк Корея ээледи.

Журналисттер үчүн коопсуз мамлекеттер азаюуда жана авторитардык режимдер маалымат каражаттарына дагы эле кысым көрсөтүп жатышат. «Чек арасыз кабарчылар» уюмунун жаңы баяндамасында ушундай бүтүм чыгарылган.

Дүйнөнүн 180 мамлекетиндеги басма сөз эркиндиги талданган баяндамада алдыңкы орунду үч жыл катары менен Норвегия ээлеп келатат. Андан кийинки тепкичтерде Финляндия менен Нидерланды турат. Орусия былтыркы көрсөткүчтөн бир орунга төмөндөп, 149-орунду ээлеген. Баяндамада Орусиядагы өз алдынча маалымат каражаттарына жасалган басым жана Интернетти чектөө аракеттери белгиленет.

Борбор Азия мамлекеттеринен арасынан Өзбекстан беш тепкичке көтөрүлгөн. Буга мурдагы президент, маркум Ислам Каримовдун бийлигинин тушунда камалган көп журналисттердин былтыр эркиндикке чыкканы түрткү болгон. Кыргызстан былтыр 98-орунда болсо, быйыл рейтинги 15 тепкичке жакшырып, 83-орунга илинди. Укук коргоочулар өлкөдөгү бул жагдай президенттик шайлоодон кийин оңолгонун белгилеп жатышат.

180 мамлекеттин ичинен эң акыркы орундарды Түркмөнстан, Эритрея жана Түндүк Корея ээледи.

XS
SM
MD
LG