Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Талас шаардык аскер комиссариатынын башчысы пара менен кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы 15-апрелде Талас шаардык аскер комиссариатынын башчысын (полковник Ж.А) 25 000 сом пара алып жатканда кармады.

УКМКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, ал жергиликтүү тургундан аскер комиссариатына каттоого коюш үчүн жана анын паспортун кайтарып бериш үчүн 25 000 сом талап кылган.

Материалдар Жазык кодексинин 326-беренеси («Опузалап пара талап кылуу») боюнча сотко чейинки териштирүүнүн негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG