Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Москвада кылмышка шектүү кыргызстандыктын иши 3-майда каралат


(Солдон оңго) Нурлан Муратовдун жактоочусу Алексей Толстых жана эжеси Гүлбарчын Муратова.
(Солдон оңго) Нурлан Муратовдун жактоочусу Алексей Толстых жана эжеси Гүлбарчын Муратова.

Москвада полиция кызматкеринин өлүмү үчүн шек саналып жаткан кыргызстандык Нурлан Муратовдун иши 3-майда сотто каралат. Бул тууралуу анын адвокаты Алексей Толстых «Азаттыкка» билдирди.

Москвадагы «Росбалт» агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында Алексей Толстых тергөө маалында Муратовдун күнөөсүн тастыктаган далилдер табылбаганын айтып, сот Муратовду актап чыгарына үмүттөнөрүн билдирди.

- Куралда Нурлан Муратовдун издери жок, анын кийимдеринде биологиялык материалдар табылган жок. Полиция кызматкерин атканын далилдей турган күкүрт газы Муратовдо табылган жок. Муратов кылмышка тиешеси бар деп айтууга объективдүү жүйө жок. Андан тышкары экспертиза ортодо күрөш болгонун же өлгөн адамдын денесин ары-бери жылдырганын көрсөткөн издерди тапкан жок. Бул жеке менин ойлорум эмес. Бул тергөө уюштурган экспертизалардын жыйынтыктары, - деди Толстых.

Былтыр 3-сентябрга караган түнү Москвадагы «Курская» метросунда 23 жаштагы полиция кызматкери Андрей Райскийдин сөөгү табылган. Ал башына атылган октон каза болгону аныкталган. Орусиянын Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 317-беренеси («Полиция кызматкерине кол салуу») боюнча кылмыш ишин козгогон.

Кылмыш үчүн жалгыз Нурлан Муратов шек саналып, ал сентябрдан тартып сегиз айдан бери Москвадагы №2 тергөө абагында камакта олтурат.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулуп өскөн Нурлан Муратов 2006-жылдан бери Орусияда эмгектенип жүргөн. 2008-жылы Оренбургда орус жарандыгын алган. Акыркы жылдары жубайы жана бир туугандары менен Москвада бирге турушкан. Жакындары ага коюлган дооматка ишенбей жатышат. (LzT/KR)

XS
SM
MD
LG