Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

Түрк оппозициясынын өкүлү Стамбул шаарынын мэри болуп шайланды


Экрем Имамоглу.
Экрем Имамоглу.

Стамбулда эки жума мурда өткөн мэр шайлоодо оппозициялык Элдик-республикалык партиянын мүчөсү Экрем Имамоглу жеңип чыккан. Бийликтеги Адилеттүүлүк жана өнүгүү» партиясынын кайра шайлоо өткөрүү жана мандат бербей туруу жөнүндөгү талабына карабай, 17-апрелде Жогорку шайлоо комиссиясы аны Стамбулдун мэри деп жарыялады.

Юстиция министрлигинде мандат тапшырылды. Бул жараян оппозициялык партиянын тарапкерлеринин акциясы, майрамдоосу менен коштолду.

«Биз демократия жана укук үчүн күрөштөн эч качан баш тарткан эмеспиз. Бул дүйнөнүн жалпы баалуулуктарын колдойбуз», - деди мандат алгандан кийин Стамбулдун жаңы шайланган мэри Экрем Имамоглу тарапкерлеринин алдына чыгып сөз сүйлөп жатып.

Стамбулда кайрадан мэр шайлоо өткөрүлөбү же жокпу, азырынча белгисиз. Быйыл 31-мартта өткөн добуш берүүгө 57 миллиондон көп киши катышкан.

Анда Экрем Имамоглу АК партиядан талапкер болгон мурдагы премьер-министр Бинали Йылдырымдан 15 миң добушту көп алган.

Башкаруучу партия башкалаа Анкаранын мэрин шайлоодо да утулуп, аны башкаруудан кол жууган. Борбор шаарда оппозициялык Элдик-республикалык партиянын өкүлү Мансур Яваш добуштардын 50 пайыздан ашыгын алса, бийликтеги партиянын талапкери Мехмет Озхасеки 47,06 пайызга ээ болгон.

XS
SM
MD
LG