Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:46

Ким Чен Ын апрелдин аягында Орусияга келет


Ким Чен Ын Пхеньяндагы партиялык жыйында. 23-декабрь, 2017-жыл.
Ким Чен Ын Пхеньяндагы партиялык жыйында. 23-декабрь, 2017-жыл.

Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ын Орусияга сапар менен келе турганын Кремль 18-апрелде расмий кабарлады.

Орус президентинин сайтындагы маалыматка караганда, Ким Чен Ын орус президенти Владимир Путиндин жеке чакыруусу менен өлкөгө апрель айынын экинчи жарымында келет. Эки мамлекеттин башчыларынын жолугушуусу кайсы күнү жана кайда өтө турганы так айтылган жок.

Путин кийинки аптада Кытайга барып, 26-27-апрелде Бээжинде “Бир кур - бир жол” форумуна катышат. Анда ондогон өлкөлөрдүн лидерлери келип, дүйнөдөгү жолдордун курулушу жана деңиз соода жолдорун талкуулайт.

Айрым маалымат каражаттары Путин менен Ким ушуга тушташ Ыраакы Чыгыштагы, Түндүк Кореянын чек арасына жакын Владивосток шаарында жолугуша турганын божомолдошууда.

Кремлдин Түндүк Кореянын башчысы Орусияга келе турган билдирүүсү АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Пхеньяндан Корей жарым аралындагы чыңалууну токтотуу максатында бул өлкөнүн өзөктүк программасы боюнча макулдашуу түзүүнү талап кылып жаткан учурга туш келди.

Трамп менен Ким буга чейинки жогорку деңгээлдеги эки жолугушууда денуклеаризация тууралуу келишим тууралуу орток пикир таба алган эмес.

Трамптын администрациясы үчүнчү саммитти өткөрүүнү сунуштады, бирок Пхеньян алдыдагы кандай гана сүйлөшүү болбосун ага мамлекеттик катчы Майк Помпеону катыштырбоону Вашингтондон талап кылып жатат.

Вашингтон 16-апрелде АКШнын Түндүк Корея боюнча өкүлү 17-18-апрелде Москвага барып, Корей жарым аралында толук жана ырасталган куралсыздандыруу иштерин жүргүзүү боюнча орусиялык расмий адамдар менен сүйлөшүү өткөрө турганын кабарлаган.

Мартта Кошмо Штаттар Түндүк Кореяга анын өзөктүк программасы үчүн жаңы санкция салган. Ал арада 18-апрелде Түндүк Кореянын маалымат каражаттары армия «күчтүү дүрмөттүү тактикалык башкаруудагы куралын» сынаганын кабарлады.

Өлкөнүн расмий жаңылыктар агенттиги маалымдагандай, сыноо мамлекет башчысы Ким Чен Ындын жетекчилиги менен болгон.

XS
SM
MD
LG