Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:22

«Акнеттин» жамааты ишканага кысым болуп жатканын айтууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Акнет» компаниясынын жамааты былтыркы жылдын ноябрь айынан бери ишканага абдан катуу кысым көрсөтүлүп жатат деп эсептейт.

Бүгүн компаниянын расмий өкүлдөрү жана юристтери Бишкекте маалымат жыйын куруп, коомчулукка ишкананын тегерегиндеги соңку окуялар тууралуу өз пикирин айтышат.

2018-жылы ноябрда Финансы полициясы ишкананын мурдагы аткаруучу директору Руслан Абдумажитовдун арызы боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал компания анын үлүшүн азайтып, дивиденд төлөөдөн баш тартканын, мамлекетке салык жана социалдык төлөмдөрдү аз төлөп жатканын билдирген.

Жакында интернетте «Акнеттин» жетекчилиги менен Финполициянын кызматкерлери “ич ара сүйлөшүп алды” деген маанидеги маалымат чыккан. Финпол аны четке каккан. (RK)

XS
SM
MD
LG