Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Жол тармагынын реформасы талдоого алынат


Жалал-Абад шаарындагы көчөлөрдүн бири.
Жалал-Абад шаарындагы көчөлөрдүн бири.

Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын жол тармагын башкаруу маселесин талкуулаган конференция өтөт. Аны Транспорт жана жол министрлиги уюштуруп жатат.

Жыйынга донор уюмдардын өкүлдөрү да чакырылган.

Министрликтин маалыматына караганда, эл аралык тажрыйбанын жана Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде жол тармагындагы азыркы абалга анализ жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы менен башкаруу жана каржылоонун азыркы системасы реформага муктаж экени аныкталды.

Бүгүн ошол жыйынтыктардын жана иштелип чыккан сунуштардын тегерегинде талкуу болот.

Кыргызстанда автомобилдик жолдордун жалпы узундугу 34 миң чакырымды түзөт. (RK)

XS
SM
MD
LG