Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:26

Шиңжаң-Уйгур району менен кызматташтык талкууланат


Иллюстарциялык сүрөт.
Иллюстарциялык сүрөт.

Бүгүн 19-апрелде Бишкекте кыргыз өкмөтүнүн Кытайдын Шиңжаң-Уйгур автономиялуу району менен кызматташтыгы талкууланат.

Кыргыз-кытай өкмөт аралык соода-экономикалык комиссиясынын алкагында түзүлгөн координациялык топ ушуну менен 10-жыйынын өткөрүүдө.

Талкууга экономика министри Олег Панкратов, ал эми Кытай тараптан Шиңжаң-Уйгур районунун төрагасынын орун басары Чжао Цин катышат.

Жыйындын күн тартибинде айыл чарба, ветеринария тармагында алаканы жакшыртуу, инвестиция тартуу маселелери бар.

Май айынын аягында президент Сооронбай Жээнбеков Кытайга иш сапары менен барат. Ал «Бир алкак, бир жол» долбоорунун алкагындагы иш-чарага, багбанчылык боюнча «Экспо-2019» көргөзмөсүнө катышат.

Март айында Шиңжаң-Уйгур автономиялуу районунан манасчылар, ырчылар жана бийчилер болуп 32 адамдан турган маданий делегация Кыргызстанга келип кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG