Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Аксыда КСДПнын депутатын токмоктогон окуя териштирилип жатат


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин депутаты Ыманалы Сариевдин сабалышы боюнча окуя териштирилип жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук милициянын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык бул факт райондук милиция тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. “Ээнбаштык” беренесинин негизинде тергөөгө чейинки өндүрүш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жергиликтүү депутат 8-апрелде белгисиз кишилерден токмок жеп, баш мээсинен жараат алып, райондук ооруканадан дарыланып чыккан.

Буга чейин "Азаттыктын" окурмандары "жергиликтүү тургундар чогулуп келип, депутат Ыманалы Сариевди ташбараңга алганын" жазып, маалыматты тактоону суранышкан.

КСДП партиясынын Аксы району боюнча мурдагы координатору жана ушул эле партиядан Кербен шаардык кеңешинин депутаты Ыманалы Сариев “Азаттыкка” комментарий берген жок. (RsK/KR)

XS
SM
MD
LG