Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:48

Кыргызстанда аба ырайы өзгөрөт


Кыргызстанда 20-апрелде аба ырайы кескин өзгөрөт. 20-апрелде күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланат.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы төмөндөйт:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 13…18;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 13…18;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13 күндүз 18…23;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;

20-апрелде Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан-чачын болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым учурда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 15…17 градус болот. (KR)

XS
SM
MD
LG