Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

Орусия тажикстандык мигранттарга мунапыс берет


Владимир Путин жана Эмомали Рахмон. 17-апрель, 2019-жыл.
Владимир Путин жана Эмомали Рахмон. 17-апрель, 2019-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин түрдүү себептерге байланыштуу Орусияга кире албай калган тажикстандыктарга мунапыс жарыялоо боюнча тажик президенти Эмомали Рахмондун сунушуна макул болду.

Путин Ички иштер министрлигине бул маселени чечүү чараларын кабыл алууну тапшырды.

"Орусияга келген тажикстандыктар, алардын үй-бүлөсү жакшы жашап, окуп, иштеп, өздөрүн коопсуз жана ыңгайлуу сезүүсү үчүн биздин өлкөдө көп иштер жасалып жатат. Бул өтө маанилүү, себеби Орусияда болжол менен 1,2 миллион Тажикстандын жараны жашап, иштеп жүрөт. Ал эми алардын өз мекенине жөнөтүп жаткан каражаттары өлкө экономикасы жана үй-бүлөлөрү үчүн олуттуу жардам", – деди Путин.

2017-жылы да Орусияда административдик мыйзам бузганы үчүн "кара тизмеге" киргизилген 122 миңден ашуун тажик мигранттарына мунапыс берилген.

Эки өлкө президенттери 17-апрелде Кремлде жолуккан. Анын жыйынтыгында 17 документке кол коюлган. Алардын арасында Тажикстан жарандарын убактылуу Орусияга иштөөгө жөнөтүү келишими да бар.

XS
SM
MD
LG