Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 17:44

Өмүркулов: Текебаевдин иши акыйкат каралышы керек


КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов жана абактагы саясатчы, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев.

Бүгүн, Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов "Азаттыкка" маек куруп, Текебаевдин иши калыс каралышы керек деп билдирди.

- Мен Текебаевге мунапыс берүү өтүнүчүн колдоп, кол койгондо баары акыйкат чечилишин каалагам. Акыйкат чечим чыкса, тигиге да, буга да суроо жаралбайт. Биз эмоцияга алдырбашыбыз керек, себеби бул абдан олуттуу иш, - деди Иса Өмүркулов.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана «Мекенчил» партиясынын лидери Садыр Жапаровдун иши 23-апрелде Жогорку сотто каралат. Эки саясатчынын тарапташтары бул күнү сот имаратынын алдында митингге чыгарын айтып жатышат.

Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга кесилген. (KR)

Пикирлерди көрүңүз (28)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG