Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:24

Лукашенко парламенттик жана президенттик шайлоо мөөнөттөрүн жарыялады


Александр Лукашенко кайрылуу жасоодо. 19-апрель, 2019-жыл.
Александр Лукашенко кайрылуу жасоодо. 19-апрель, 2019-жыл.

Беларуста быйыл парламенттик, эмки жылы президенттик шайлоо өтөт. Бул тууралуу өлкө башчысы Александр Лукашенко 19-апрелдеги элге кайрылуусунда билдирди.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Лидия Ермошина мыйзамга ылайык президенттик шайлоо 2020-жылдын 30-августунан, парламенттик шайлоо 2020-жылдын 6-сентябрынан кеч эмес убакта өтүшү керектигин белгилеген.

Эки өнөктүк удаа келип каларын белгилеген айрым саясатчылар президентти шайлоо убактысын жылдырууга чакырышкан.

Лукашенко Беларусту 1994-жылдан бери башкарып келет. Ал жылдык кайрылуусу учурунда алдыдагы шайлоодо талапкерлигин коер же койбосун ачыкка чыгарган жок.

XS
SM
MD
LG