Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:06

Токой чарба агенттиги штатта жок кызматкерин чет өлкөгө жети жолу жиберген


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Кыргызстандагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги Коопсуздук кеңешинин алдында түзүлгөн мамлекеттин коррупцияга каршы саясатынын ишке ашырылышын көзөмөлдөгөн жумушчу топтун сынына кабылды.

Аталган жумушчу топ агенттиктин ичиндеги коррупциялык тобокелдиктерди изилдеп чыгып, мекеме коррупцияга каршы иш- аракеттерди аткарбай келгенин аныктаган.

Президенттин аппараты тараткан маалыматта агенттиктин айлана-чөйрөнү коргоого жана токой чарбаны өнүктүрүүгө багытталган реформалары көрүнүктүү натыйжа бербей жатканы жазылган.

Мекеме ушул күнгө чейин ишин санариптештирүүгө багытталган бир да иш-чара өткөрбөгөнү, экологиялык коопсуздук концепциясынын бир да механизмин ишке ашырбаганы сынга алынган.

Буга далил катары 2018-жылы агенттиктин штатка кирбеген кызматкери жети жолу чет өлкөгө чыгып, ар кандай эл аралык форумдарга, семинарларга жана башка иш-чараларга катышканы мисал келтирилген.

Ал эми агенттиктин жетекчисинин айдоочусу өзүнүн кесиптик милдетинен сырткары былтыр Женева шаарына командировкага барганы, бирок ТИМди бул тууралуу кабардар кылбаганы да айтылат. (KR)

XS
SM
MD
LG