Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:49

Мамкаттоонун төрайымы Алина Шаикова кызматтан бошотулду


Алина Шаикова
Алина Шаикова

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы Алина Шаикова кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Шаикованын ордуна бул кызматка Алмаз Мамбетов дайындалды.

17-апрелде Биринчи май райондук сотунун чечими менен тендер чырына байланыштуу кармалган Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев, статс-катчы Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаев эки айга тергөө абагына камалган.

Алар паспорт бланктарын даярдоо боюнча тендерде “белгилүү бир компаниянын кызыкчылыгына аракет” кылышкан деп айыпталып жатышат. (KR)

XS
SM
MD
LG