Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:59

Кыргызстандык өндүрүшчүлөр Германиядан 17 жарым млн. еврого жабдык сатып алат


Германиянын канцлери Ангела Меркел менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков.
Германиянын канцлери Ангела Меркел менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков.

Текстиль кластери жалпысынан тогуз ишкананы камтыйт. Алардын баары жети жыл ичинде курулуп бүтөт.

Ишканада токуу фабрикасы, кездемени жана жипти боёо өндүрүшү, терини кайра иштетүү, бут кийим чыгаруучу фабрика жана башкалар бар.

Ишкананын инфраструктурасында оорукана, мектеп, бала бакча, колледж, ашкана, 600 кишиге ырасталган мейманкана, соода борбору жана мечит куруу каралган.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Германиядагы расмий сапарынын жыйынтыгында эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда жалпысынан миллиарддан ашуун евролук келишимдерге кол коюлду.

Бул тууралуу мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков 16-апрелде Берлинде журналисттердин алдында сүйлөп жатып билдирген. (KR)

XS
SM
MD
LG